Ашкана ажары

19 , Июль, 9:30 517

"Ашкана ажары": грузин элинин тамшандырган улуттук тамагы «Мегрули хачапуриси»

image

Сырты катырак,бир аз кызгылтым болуп бышкан Хачапури грузин элинин улуттук тамактарынын бирден-бир сыймыгы болуп эсептелинет. Ал эми анын даярдалуу ыкмаларынын бир нече түрү бар. Мындай токочту бышыруу ой б.з.ч орто кылымдарда пайда болгон. Белгисиз бир кожойке токочтун ичине сырды салып бышыруу тажрыйбасын башынан өткөрүп, байкап карап көргөн. Жыйынтыгы ал күткөндөй абдан даамдуу болуп чыккан, мына ошол мезгилден тартып Мегрели ыкмасындагы Хачапури грузиндердин символу болуп келет. Хачапуринин өзгөчөлүгү токочко канча ун кетсе ошончо сыр кошулат, андан сырткары үстүңкү бетине дагы сыр майдаланып себеленет. Анда эмесе хачапурини жасоодогу эң биринчи кадамдарга киришсек. 

Керектелүүчү азыктар:

150 грамм жылуу суу

2 чай кашык шекер

2 чай кашык кургак ачытма

500 грамм ун

1 чай кашык туз

1 жумуртка

100 мл сүт

30 грамм жууган май


600 грамм сулугуни сыры

Назик, ичиндеги сыры таңдайда ээриген хачапурини үй шартында жасоодо шашпастыкты, эргүү менен көңүл буруп даярдоону талап кылат. 

Кичине идишке 2 чай кашык шекер, 2 чай кашык кургак ачыткыны салып, 150 мл жылуу сууну куюп жакшылап аралаштырабыз. Андан соң чачык менен жакшылап жылуулап кое турабыз. 

Унду электен ээлеп алабыз дагы ага 1 чай кашык туз кошуп, үстүнө бир жумуртканы чагып алабыз. 100 мл жылуу сүттү ундун үстүнө куюп, 30 грамм жууган майды кошуп жакшылап аралаштырабыз. 

Камырга жогорудагы өзүнчө бөлүп койгон ачыткыбызды кошуп 10 мүнөткө жакын жакшылап жууруйбуз. Анан камырыбыздын баардык тарабын жууган май менен сыйпап, табака салып, үстүн жылуулап 2 саатка коюп коебуз.

Камырыбыз көтөрүлгөнчө сулугуни сырын алып аны сүргүчтөн өткөрүп даярдап алабыз. 

Камырыбыз ачып даяр болду, аны экиге бөлүп алабыз. 

Биринчи субалайды жайып жатканда камырдын кырларын калыңыраак бойдон калтыруу керек, анан ортосуна 150 граммдай сырды салабыз. Камырдын чет жактарын баарын чогултуп келип ортосуна түйөбүз дагы, анын үстүн манжаларыбыздын учу менен басып, ашыкча ичиндеги абаны чыгарып, кайрадан кадимки токоч формасына алып келебиз. 

Токочтун чет жактары калыңыраак бойдон калуусу кажет, муну менен ал сырдын ээрип сыртка агып кетүүсүн алдын алат. Жасап жаткан хачапуринин ортосуна сыр салып, атайын ашкана щеткасынын жардамы менен токочтун бетине жумуртканын суюгун сыйпап чыгабыз. Жылуу темир мештин алдын майлап, табагына токочту салып 180 градус ысыктыкта 20 мүнөткө коебуз.





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз