Адабий дүйнө

23 , Июль, 10:32 354

Чеховдун кыргыз адабиятына тийгизген таасири чоң

image

Антон Павлович Чехов 1860-жылы 29-январда Таганрог шаарында жарык дүйнөгө келген. Чеховдордун үй-бүлөсү Москвага көчүп келип, 19 жаштагы Антон Москва университетинин медициналык факультетине тапшырат. 1880-жылы анын биринчи аңгемелери басылмаларда жарык көрүп, адабиятта жазмакерлик ишмердиги башталат. 

Медициналык окуу жайын аяктагандан кийин дарыгер болуп иштеп, чыгармачылыкты кошо улантып, ошол кездеги орус интелигенциясынын арасында тез эле оозго алынат. Орустун адабиятында эле эмес, дүйнөлүк адабиятта опол тоодой орду бар жазуучу Антон Чехов да кыргыздын адабий-маданий, илим-билиминин, образдуу дүйнө кабылдануусунун калыптанышына таасирин тийигизген улуу сүрөткер катары бааланып келет. 

Антон Павлович Чеховдун аңгемелери 1930-жылдары эле кыргызчага которула баштаган. 50-жылдары Чеховдун кыргызча эки томдугу чыгарылган. Алтымышынчы жылы да кайрадан кыргызча басылып чыккан. Жазуучуга таасирленүү менен кыргыз адабиятында бир топ жазмакерлер суурулуп чыккан.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз