Музыка дүйнөнүн тили

13 , Март, 13:35 10585

Стинг - мыкты шарап жасоочу. Анын шараптары дүйнөлүк мыкты вино эксперттери тарабынан жогору бааланат

image


Британиялык музыкант–мультиинструменталист, ырчы, композитор, актёр, коомдук ишмер жана филантроп СТИНГ дүйнөлүк 2Грэмми”, “Золотой глобус”, “Эмми” премияларынын 17 жолку лауреаты жана “Оскар” сыйлыгынын мыкты ыр категориясына 4 жолу номинант болгон.


Өз аты Гордон Мэттью Томас, 1951-жылы 2-октябрда Великобританиянын түндүгүндөгү Уоллсенд шаарында туулган. Атасы Эрнст Мэттью Самнер узак жылдар жергиликтүү машина куруу компаниясында монтажник болуп иштеген. Кийинчерээк кичинекей сүт сатуучу дүкөн сатып алган. Бала кезинде Стинг атасына жардам берип сүт ташуучу болуп иштээр эле.


Апасы Одри чач тарач жана медсестра болгон. Анын классикалык музыкалык билими болгондуктан баласынын табыгый музыкалык шыгын байкап, үйдө вортепьяного үйрөтө баштайт... Стинг 4 бир туугандын улуусу, 2 карындашы, 1 иниси бар.


10 жашында таякеси Стингге гитара белекке берет. Бул аспапты ушунчалык сүйгөндүктөн Стинг ар бир бош мүнөтүн бөлмөсүнө бекинип алып гитарада жаңы аккорддорду үйрөнүүгө жумшаган.




Мектепте окуп жүргөн чагында достору менен музыкалык клубга көп бараар эле. Ал жакта белгилүү музыкант Джимми Хендрикс ойночу. Андан алган таасирлери өмүр бою ырчыны коштоп келет.




Гимназияны бүткөн соң Стинг кондуктор, салык инспектору, англис тили мугалими болуп ар кыл жумуштарда иштеп жүрөт. Ошентсе да музыкага болгон сүйүү аны коё бербейт. Досунун кеңеши менен жергиликтүү джаз ансамблине кирип, ал жакта бас гитарист, ырчы болуп иштеп калат. Джаз музыкасына сүңгүп кирип,музыкалык аспаптарды профессионалдуу өздөштүрүп жана дал ушул жерден оркестрдин жетекчиси Гордон Соломон ага “СТИНГ” деген атты берет. Ошол эле учурда Стинг өзүнүн “Ласт Экзит”в бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартаповстартап - компания начальной стадии развития, стартапер - чувак, хлещущий смузиэкзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идеюв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идею является изначальной стратегией. Самый быстрыйэкзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идею - продать кому-то идею является изначальной стратегией. Самый быстрыйэкзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идеюв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идею является изначальной стратегией. Самый быстрыйэкзитв бизнес-процессах - это выход из дела, напрмиер, продажа доли. Для многих стартапов экзит является изначальной стратегией. Самый быстрый экзит - продать кому-то идею - продать кому-то идею - продать кому-то идею деп аталган коллективин түзөт. Тез эле өз шаарында таанымал болуп, акча дагы таба баштайт.



1977-жылы Америкалык барабанист Стюарт Коупленд Стингдин талантын байкап, ага рок менен алектенүүгө кеңеш берет. Ушул эле жылы экөө гитарист Энди Саммерсти кошуп алып, үчөө “Зе Полис” деп аталган топту түзүшөт. 1978-жылы алгачкы дебюттук альбомун чыгарышат.


1984-жылы топтун триумфалдык дүйнөлүк турнесинен кийин Стинг жеке карьерасын баштоону чечет да, популярдуулуктун туу чокусунда турганда “Зе Полис” таркап кетет.



Стингдин жеке чыгармачылыгы ийгиликтүү уланат. Анын алгачкы “Зе Дриим оф зе Блу Таатлес” аттуу альбому Джаздын элементтери менен коштолуп жазылып, платина болуп чыгат дагы миллиондогон тираж менен дүйнөгө таркайт. Андагы “Рашнс” аттуу сингл 1985-жылы жазылган. Ырчы орус композитору Сергей Прокофьевдин “Поручик Киже” сюитасынан “Романстын” мелодиясын пайдаланган эле... Бул альбому менен Стинг жеке дүйнөлүк турнесин өткөрөт. Бардык континенттерди кыдырган бул гастролдук тур ырчыны шоу-бизнестин популярдуу жана бай өкүлдөрүнө кошту. Андан соң турнеден кайтып келип Шексмирдин сонеттеринин негизинде “Нассиң Лайк зе Сан” деген аталышта дагы бир альбом жазат.


Диск 1987-жылдын күзүндө жарык көрүп, дүйнөлүк хит-параддардын биринчи баскычтарынан орун алат.



1991- жылы Стинг ата- энесинен айрылып өзүнун автобиографиялык альбомун чыгарат. Альбом “Зе Соул Гэйжес” деп атлган. Андагы “Оол Зис Тайм” деген сингл “Билборд” журналынын версиясында 5- баскычты ээлейт.


Стинг музыкалык карьерасында дайыма жылдыздар менен биргеликте ырларды жаздырып келген. Алардын ичинде Брайан Адамс, Род Стюарт, Эрик Клэптон, Марк Нопфлер сыяктуу дүйнөлүк ысымдар бар.


Стинг өзүнүн концерттик бухгалтери сотко берет. “Ырчынын кирешелерине кол салган” деген айып менен Кит Мур аттуу бухгалтер 6 жылга түрмөгө кесилген. Бардык белгилүү адамдар сыяктуу эле Стингди дагы ар кандай айың кептер, скандалдар коштоп келген, бирок ырчы алардын баарын четке кагат же болбосо маани бербейт.


2001- жылы 11 сентябрда Америкада болгон теракт, трагедиялуу окуя Стингге катуу таасир берет. Ал жаңы альбом жазууга киришет, анда автордун тексттеринде согуш, дин, адамзат темаларына болгон ой-толгоолор камтылган. Бул альбом “Сакрэд Лав” деген аталышта 2003-жылы Парижде жарык көргөн эле, анткени ырчы альбомду жаратуунун үстүндө дал ушул шаарда туруп иштеген. Альбомдогу “Сенд Йо Лав” ыры үчүн Стинг кезектеги “Грэмми” сыйлыгына татыйт.


Чыгармачылыктагы 10 жылдык тынымдан кийин 2013-жылы ырчынын “Зе Ласт Шип” аттуу альбому жарык көрөт. 2015-жылдын 28-августунда Стинг Милен Фармер менен бирге “Столен Кар” аттуу синглды жаздырат. Бул дуэттик номер фанаттар тарабынан жылуу кабыл алынат. Андан соң ырчынын эки рок альбому удаа-удаа жарык көрөт. Баш –аягы Стингдин 28 альбому бар.


Ырчынын жеке турмушуна кайрыла турган болсок, ал 6 баланын атасы.Бүгүнкү күндө Нью-Йоркто жашайт. Ал дүйнөлүк жаратылышты коргоочулардын клубуна кирет.


-Ошондой эле Стинг марехуананы легалдаштырууну сунуштагандардын бири болуп эсептелет.


-Голливуддагы “Атак-даңк Аллеясында” Стингдин дагы жылдызы бар.


-Жаш кезинде Стинг жеңил атлетика менен машыкчу, ал тургай Англиянын чемпионатында 2-орунду ээлеген.


-2010-жылы ырчы Россияга келип бир нече телевизиондук шоу –программаларга катышып жана Москвада 2 концерт берип кеткен.


-Стинг “Ньюкасл Юнайтед” англиялык футболдук клубунун күйөрманы.


-Стинг-мыкты винодел. Анын винолору дүйнөлүк мыкты вино эксперттери тарабынан жогору бааланат.


программаны даярдаган: Динара Жусаева


окуган: Бектурсун Калдаров






Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз