Билим

“Кыргызстандын тарыхынын” 3 томдук китеби жазылды image Фото: www

10 Фев, 2017 4171

Кыргыз улуттук илимдер академиясы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программанын 2015–2016-жылдарга бөлгөн каражатына  98 китеп, тарых, маданият жылына карата “Кыргызстандын тарыхынын” 3 томдугу жана эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата “Кыргызстан цивилизациялуу  дүйнөдө” аттуу китеп жазылды.  Бул жөнүндө Кыргыз улуттук  илимдер академиясынын   экономика  жана гуманитардык  илимдер бөлүмүнүн   жыйынында сөз болду. 

Илимий жыйынга жаштар, илимдин түрдүү тармагынын өкүлдөрү, студенттер  катышты.  Мында айтылган кеп өзөгүнө маани берсек,  окумуштуулар  бул баалуу китептердин  ички мазмунун жаштарга даңазалоо иретинде чекмелеп түшундүргөн учурлары, муундар ортосунда байланышты чыңдоо мүдөөсүн көздөгөндөй  туюлду.  Ар бир баяндама  ортосунда ыр-күүлөр аткарылып турду.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз