Билим

Швецияда сатуучусуз дүкөн ачылды image

17 Март, 2016 1095

Дүйнө жүзүндөгү ойлоп табуучулар күн сайын жаңы  жабдыктарды иштеп чыгып, колдонууга берүү аракеттин көрүшөт. Кээ бири күнүмдүк  жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар. Техникалык  жетишкендиктер, заманбап жабдыктар   жөнүндө Хайтек рубрикасында.

Жер бетинде күн сайын инновациялык жабдыктар ойлонуп табылып, алар адамдар жашоосун жеңилдетүүгө ошондой эле  убакыт жана чыгымды үнөмдөөгө жардамчы болуп келе алат.

Бул ойлоп табуу акылга сыйбайт го деп ойлойбуз, бирок Швецияда сатуучусуз дүкөн ачылды. Бул бүткүл дүйнөлүк деңгээлдеги жаңылык дүкөндө сатуучу дагы күзөт кызматкери дагы жок. Бул баардык жумушту IT-адис Роберт Элиасон иштеп чыккан мобилдик тиркемеси жана 6 видео байкоо камералары аткарат.

Ал дүкөн Швециянын Викен шаарында жайгашкан. Соода түйүнүнө кирип керектүү азык-түлүк продукцияларын сатып алуу үчүн алгач жогорудагы аталган мобилдик тиркемеге катталуу керек. Андан соң кардар ээн эркин дүкөндү аралап, өзүнө керектүү азыктарын ала алат. Андан соң алган товарларын каттатып, банктык карта менен акча төлөй алат. Кызыгы эки айдан бери иштеп келе дүкөндө бир жолу дагы товарлардын жоголушу жана урдоо фактысы катталган эмес.

Ал эми  кытайлык «OPPO» компаниясы инженерлери 10 мүнөт аралыгында сиздин планшетиңизди же смартфонуңузду батарейкасын электр тогу менен толтура ала турган жабдык чыгарышты.

Мындай жабдыкты компаниянын ишкерлери эл аралык көргөзмөлөрдөн биринде көргөзгөн. Анда такыр эле батарейкасында заряды жок смартфон 10 мүнөткө жетпеген убакытта  100 пайызга толгон. Жабдыкты иштеп чыккан инженерлердин айтымында мындай тез батарейди толтуруунун сыры батарайде муздата турган кошумча каражат орнотулган.

Эске сала кетсек буга чейин америкалык Qualcomm компаниясы дагы 35 мүнөт аралыгында 80 пайызга толтурууга атайын жабдыкты чыгарган. Ошондой эле OPPO компаниясынын инженерлери сатыкка чыкканга чейин дагы мындан дагы жакшыртарын белгилөөдө.

Окумуштуулар менен авто унаа өндүрүүчүлөр биргеликте энергияны үнөмдөгөн жана көзгө зыяны азырак унаа фараларын иштеп чыгышты. Эми айдоочуларга анын жардамы менен аба ырайы бузулган мезгилде жана кечкисин жолдо жүрүү ыңгайлуу болот. Кандайдыр бир деңгээлде жол кырсыгынын болушунан сактайт. Анткени жаңы фаралардын жарыгын белгилүү бир багытка буруу мүмкүнчүлүгү бар. Андан сырткары анын жарыгынын күчүн азайтууга болот. Ошондой эле бирдей жарык берип, жолду жакшы көргөзөт.

Мирбек Сакенов, БИРИНЧИ РАДИО

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз