Билим

Боосун өзү байлаган бут кийим чыгарылды image Фото: http://pbs.twimg.com/

22 Март, 2016 1590

Дүйнө жүзүндөгү ойлоп табуучулар күн сайын жаңы жабдыктарды иштеп чыгып, колдонууга берүү аракетин көрүшөт. Кээ бири күнүмдүк жашоодо пайдалуу болсо, дагы бири дүйнөлүк деңгээлдеги ачылыштар.

Жон Хопкинс атындагы университетитин алдындагы прикладтык физика лабораториясынын инженерлери суу алдында сүзгөн дрон иштеп чыгышты. Буга чейин мындай жабдыктар чыккан, алар учуп келип сууга киргенде кыйынчылыктар болгон. Ал эми  инженерлердин эмгегинен жаралган бул дрон суу алдында бир нече ай болуп, тиешелүү сигнал жиберилгенде өз кызматтын аткара алат. Ошондой эле керек болгон учурда суу алдынан эч бир кыйынчылыксыз чыгып, учуп кете алат.

Аны чогултууда 3D-басылмасы өңдү түрдүү технологиялык ыкмалар  колдонулган. Жабдыктын тышкы жасалгасы бышык жасалып, суу басымына туруктуу.  Ал эми ичиндеги тетиктери мыкты корголгон, мындан улам жаңы жасалган жабдык   суу алдында бир нече метр тереңдикте сүзүп жүрө алат.

Мындан сырткары жабдыкты жасоодо темир колдонулган эмес. Анткени темирди колдонуу  дрондун иштешүүсүндө кыйынчылыктарды жаратмак дейт инженерлер. CRACUNS (КРАКУНС) деп аталган жабдык өтө эле жеңил жана аны чогултууда көп деле  акча  каражаттары кеткен эмес. Мындай өзгөчө ыкма жана тетиктер менен жасалган жабдык аскердик жана илимий изилдөөлөрдө колдонулушу талашсыз.

Дагы бир жаңы инновациялык ойлоп табуу жөнүндө айтпай койгонго болбойт. Nike компаниясы   Hyper Adapt 1.0 деп аталган боосун өзү байлаган бут кийим иштеп чыкты. Аталган спорттук бут кийимде атайын  механикалык   жана электроникалык инновация жабдыктар коюлган. Аны колдонууда эч кандай кыйынчылыктар жок. Бул спорттук бут кийимди  кийсең эле автоматтык түрдө боосу байланып калат.  Андан сырткары адам өзүнө ыңгайлуу кылуу үчүн бут кийимдин капталыпда атайын баскычтар бар. Аны менен боону бошотуп же катуу тартырып койсо болот.

Бул бут кийимдерди иштеп чыгуудагы эң алгачкы инновациялык кадамдар. Келечекте адам жүгүрүп же басып бара жаткан учурда  автоматтык түрдө ыңгайлаштырылып боосун байланган бут кийимдер чыгарылышы ыктымал. Мындай бут кийимдер спортмендер үчүн  гана эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы ыңгайлуу болмокчу. Аталган ойлоп табуу үстүбүздөгү жылдан жай мезгилинен тарта сатыкка чыгарылат. Бирок саналуу гана чыгаарын Nike компаниясынын өкүлдөрү белгилөөдө.

Мирбек Сакенов, Биринчи радио

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз