Кыргызстан жаңылыктары

Чолпон-Атада “Мекендештер” форуму өтөт image

2 Авг, 2018 711

8-9-август күндөрү Чолпон-Атадагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда чет жактагы кыргызстандыктардын башын бириктирген “Мекендештер” форуму өтөт. Салтка айланып өткөрүлүп келе жаткан төртүнчү айлампага Президент Сооронбай Жээнбеков катышат. 

Форумдун медиа-координатору Топчугүл Шайдуллаеванын берген маалыматына караганда, иш-чарага чет мамлекеттерде жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар чогулуп, сыртта жүргөн мекендештердин Кыргызстанга кошкон салымы тууралуу талкуу болуп, диалог орун алат. Белгилей кетсек, форум 2012-жылы жана 2014-жылы Бишкекте , ал эми 2016-жылы Ош шаарында болгон.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз