Өзбекстанда билим берүү, спорттук жана диний мекемелерден 200 метр алыс аралыкта турган дүкөндөрдө алкоголь жана тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди. Буга чейин бул аралык 500 метр болчу.
Мыйзамга 14-ноябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон, документ 15-ноябрдан тарта күчүнө кирди.
Мындан тышкары жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн жарманке күркөлөрүндө, соода комплекстеринде жана базарларда да алкоголь менен тамеки продукцияларын сатууга уруксат берилди.