Билим

17-майда жалпы республикалык тестирлөө башталат image

16 Май, 2016 2089

Кыргызстанда 17-майда жалпы республикалык тестирлөө башталат. 16- жана 19-майда   ар кандай себептер  менен   каттоодон  өтпөй калган  бүтүрүүчүлөр үчүн   кошумча  каттоо уюштурулат. Ал эми  бул жолку тестирлөөдөн өтпөй калгандар үчүн 23-24-июнда кечиккен  тестирлөө болот.

Асел Мусабаева  Бишкектеги  №50 орто мектептин бүтүрүүчүсү. Азыркы  тапта  алдыдагы жалпы тестирлөөгө  даярданып жатат. Босого баллды топтой албаса  бир дагы  жогорку окуу жайынан   билим ала албасын жакшы түшүнөт.

“Алдыдагы экзамендерге жакшы эле даярданып да, толкунданып да жатам. Тестирлөөнү тапшыра аларыма көзүм жетет. Менин оюмча экзамендерге караганда, тестирлөөнү  тапшыруу жеңил болуш керек деп ойлойм”.

2016-жылы Аселге окшоп тестке катышам деген 48 миң 200дөн  ашык бүтүрүүчү каттоодон өттү.  Абитуриенттердин  билим сапатын текшерүү  жана тестирлөөгө даярдыктарын  көрүү максатында  билим берүү министрлиги 27-апрелде 11-класстарга тестирлөө өткөрдү.   Билим берүү  жана илим министри Эльвира Сариеванын  айтуусунда,   бул жылы босого  балл мурдагыдай эле 110 балл болуп белгиленди.

“Жалпы тестирлөө –   жогорку окуу жайларына мыктыларды тандап алууну механизми болуп саналат.  Өткөн жылы босого баллды 110  деп  белгилегенбиз, быйыл да ошол бойдон эле калды. Бул болсо өз кезегинде  ЖОЖго тапшыруу  үчүн   бирдиктүү системаны түзүү   болуп  калды".  

Жалпы республикалык  тестирлөө 17-майдан 22-майга чейин өтөт. Негизги каттоодон кандайдыр бир себептерден улам өтпөй калгандар үчүн 16- 19-май  күндөрү кошумча каттоо уюштурулуп жаткандыгын  билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун  адиси  Чынара Батракеева  белгиледи.

Абитуриентер  жылдагыдай эле  негизги жана кошумча предметтик тест тапшырат.  ЖОЖна  2016-17  окуу жылы үчүн   5705 гранттык орун бөлүндү.

Г.Усенова, “Биринчи радио”  

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз