Спорт

2019-жылы ата мекендик жеңил атлеттер 86 медаль жеңип алды image

14 Янв, 2020 922

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ата мекендик жеңил атлеттер 86 медаль жеңип алышты: 30 алтын, 25 күмүш жана 31 коло. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку жыйынтык көрсөткөн спортчулардын арасынан, Кыргызстандын 40 жыл мурун коюлган рекордун жаңылап Мусулман Жоломанов жана Нурсултан Кеңешбеков өзгөчө айырмалана алышты. Эл аралык мелдеште Мусулман Жоломанов 1500 метр аралыкты 3:44.19 мүнөттүн ичинде чуркап өтүп коло медальга ээ болду.

Ошондой эле жеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков 1500 метр аралыкта 3:49.94 көрсөткүч менен Кыргызстандын өспүрүмдөр арасында рекорд койду.

Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Дарья Маслова 2019-жылдын ири эл аралык мелдештеринде 5 алтын медаль жеңип алды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз