Укук коргоо

Жогорку Кеңеште укук коргоо органдары сынга кабылды image

17 Янв, 2020 1883

Жогорку Кеңештин депутаттары үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук үчүн айып пулду 100 миң сомго чейин көтөрүүнү демилгелеп чыгышты.  Бул багыттагы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жанакоргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

Документ жоруктар жөнүндө жана жазык-процесстик кодекстеринин ченемдерине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Айрым депутаттар муну менен катар өз балдарын зордуктаган кылмышкерлерди өлүм жазасына тартууну сунуштады. 

Укук коргоо органдарынын дарегине да сындар айтылып, үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон жарандар арыз менен кайрылса салкын мамиле менен узатылары айтылды. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз