Коргонуу жана коопсуздук

Өзбекстан чек арада кармалган 13 кыргызстандыкты коё берди image

20 Фев, 2020 1553

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты коё берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Асылкерим Адиевдин айтымында, эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсү өттү, ошонун натыйжасында алар кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди:

- Кадамжай районуна караштуу Чекелик жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын 13 жаранын чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармашкан. Алар ал жакка кокустан кирип кетишкен.

Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандыктарды кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришкен. Алардын айтымында, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды 19-февралда эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен.

Чекелик Өзбекстандын Фергана облусу менен чектешет жана чек аралары такталган айылдардын катарына кирет. Айылдыктар буга чейин чек араны тактоодо жол кошуна өлкөнүн аймагына өтүп кеткенин, Кыргызстандын чек арадагы бул айылына жакын аймакка Өзбекстан ок атып машыгуучу аскердик жай куруп алганын айтып даттанышкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз