Коронавирус

Кыргызстандагы бардык мечиттер дезинфекцияланууда image Фото: KTRK/videograp

12 Март, 2020 899

Кыргызстандагы бардык мечиттерде дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин адистери мындай аракет коронавирус инфекциясын алдын-алуу максатында жасалып жаткандыгын билдиришти. 

Дарыгерлер мечиттердин имамдарына тазалоо иштеринин тартиби менен эрежелерин түшүндүрүп беришти. Айтып эле тим болбой, иш жүзүндө да көргөзүп беришүүдө. Дезинфекция жүргүзүлгөн мечиттерге коомчулук кооптонбой эле келе берсе болот,- деп билдирди азирети муфтийдин орун басары.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз