Коронавирус

Жалал-Абад шаарына кирүүгө чектөө коюлду image

24 Март, 2020 209

Шаардын негизги көчөлөрүнө блокпосттор коюлуп, сырттан келгендерди киргизбей, шаардыктарды сыртка чыгарбай жатат. Жергиликтүү бийлик элдин саламаттыгы үчүн ушундай чечим кабыл алынганын айтып, аны түшүнүү менен кабыл алуу керектигин билдирди. Азык-түлүк жана дары-дармек ташыган машинелер кезексиз өткөрүлүп жатат. 

Мындан сырткары башка райондордон шаарга каттап иштеген бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлери атайын уруксат кагаз менен коё берилүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз