Кыргызстандагы коронавирус

Россияда иш берүүчүлөр мигранттарды акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүүдө image

25 Март, 2020 882

Россияда иштеген тажикстандык мигранттар коронавируска байланыштуу ишканалар жабылып баштагандыктан, компаниялар аларды акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жөнөтүп жатканын билдиришүүдө.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу эң биринчи кезекте ресторан, ашкана, мейманканада иштегендер жана таксисттер зыян тартууда. Кардарлар азайгандыктан иш берүүчүлөр кызматкерлердин көбүн кыскартууда.

Москвадагы эмгек мигранттарынын укугун коргоочу Мухаммад Собиров ишсиз калгандардын саны көбөйгөнү менен депортацияланган мигранттардын саны азайганын белгилейт.

«Көптөгөн соттор жабык болгондуктан, полиция кызматкерлери мыйзам бузгандарга айып пул салып, андан соң бошотууга мажбур. Пандемияга чейин алардын көбүн сотко алып барышып, депортациялоону талап кылышчу», – деди ал.

Тажикстандык мигрант Толиб Ёдгоровдун айтмында, эгер орус бийлиги өзгөчө абалга байланыштуу мигранттарды патент төлөөдөн бошотпосо, жумушчулар үчүн оор кырдаал жаралышы мүмкүн.

Россияда расмий маалыматтар боюнча бир миллиондон ашуун эмгек мигранттары бар. Эл аралык каржы уюмдары Тажикстандагы ар бир төртүнчү үй-бүлө мигранттар которгон акчанын эсебинен жашап жатканын билдирип келет. 2019-жылы Орусиядагы мигранттар Тажикстанга 2 миллиард 600 миллион доллар жөнөтүшкөн. Бул Тажикстандын ички дүң өнүмүнүн 33 пайызын түзөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз