Кыргызстандагы коронавирус

Бишкек шаарында коомдук коопсуздук туруктуу жана кырдаал көзөмөлдө image

27 Март, 2020 431

Бул тууралуу онлайн басма сөз жыйынында шаардын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди. Коменданттык сааттын талабы боюнча кечки саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин көчөдө адам да, унаалар да каттабайт. Өткөн түндө дагы тартип бузгандар катталып, бардыгы болуп чектөөгө баш ийбей койгон 146 жаран кармалган. Алардын ичинде 13чү аял, 133 эркек жана бир чет элдик жаран бар. 

Борбор калаанын коменданты шаар тургундарын зарыл иштери болбосо үйдөн чыкпоону өтүндү. Жаралган кырдаалга байланыштуу күндүзгү убакытта, азык-түлүк алуу үчүн дүкөнгө, дарыканага, медициналык мекемеге баруучулардан тышкары калган жарандардын жүрүшү чектелет. Ал эми азык түлүк, дары-дармек ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына, ошондой эле шаардын карантиндик аймактарына тоскоолдуксуз кире алат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз