Кыргызстандагы коронавирус

Бүгүн, 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды image Фото: www

4 Апр, 2020 521

Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу, Республикалык штабдан маалымдашты.

Алар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЧР анализи коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационарлардан чыгарылды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз