Коронавирус

Жалал-Абад : өткөн суткада 24 адам коменданттык саатты бузган image

9 Апр, 2020 1619

«Өткөн суткада коменданттык саат ичинде саат 20:00дөн саат 7:00гө чейин Жалал-Абад облусу боюнча 24 адам кармалды. Анын ичинен Жалал-Абад шаарында – 3, Сузак району боюнча – 21 адам. Жалал-Абад облусу боюнча 15 кылмыш иши катталып, анын ичинен коменданттык саат киргизилген аймакта – 6 кылмыш иши ачылды. 

Профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда 64 унаа айып төлөнүүчү токтотмого коюлду. Учурда коомдук саясий жана криминогендик абал туруктуу», - деп билдирди Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын коменданты Жеңиш Жоробеков.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз