Коронавирус

Ош: дарыгерлер коронавирусту жуктурган учурлар иликтенет image

9 Апр, 2020 1769

Ош облусундагы медкызматкерлердин топ-тобу менен ооруну жуктуруп алуу учурларын иликтөө үчүн Ош шаарына инфекциялык көзөмөлдүн адистери жөнөп кетти.

Медкызматкердин вирусту жуктуруунун ар бир учуру боюнча териштирүү жүрүп, тийиштүү баа берилет.

9-апрелге карата өлкө боюнча саламаттык сактоонун 34 кызматкери коронавируска чалдыккан, алардын катарында дарыгерлер жана медайымдар, инфекционисттер жана лаборанттар, эпидемиологдор, ашкананын жумушчулары жана кир жуугучтар бар.

“Медицина кызматкерлеринин ооруну жуктуруп алуу маселеси өтө аянычтуу жана өкүнүчтүү. Кесиптештерди дүрбөлөӊгө түшпөй, дарыгерлердин бардык сунуштамаларын так сактоого чакырам. Сиздерге эртерээк сакайып кетүүгө көмөктөшүү үчүн биз бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”, - саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз