Коронавирус

Коронавируска каршы вакцинаны сыноонун биринчи фазасы ийгиликтүү аяктады image

19 Май, 2020 1026

АКШдагы биотехнологиялык “Moderna” компаниясы коронавируска каршы вакцинаны сыноонун биринчи фазасы ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. Препаратты ыктыярчыларга тестирлөө апрель айында башталган. 

“mRNA-1273” деп аталган вакцинаны алган адамдардын канындагы антителолор COVID-19 вирусун жугузуп алып сакайган адамдардыкы менен теңелип же андан да көбөйгөн. Ошондой эле, алгачкы этапта вакцина өзүнүн коопсуз экенин көрсөткөн. Аны акыркы этапта сыноо июль айында башталары айтылууда. Белгилей кетсек, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 4 миллион 801 миң 943 адамга жетти. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылып, ага каршы вакцина табыла элек.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз