Дүйнө жаңылыктары

Ирак чалгыны “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери кармалганын билдирди image

21 Май, 2020 133

Ирак чалгыны “Ислам мамлекети” террордук тобунун лидери камакка алынганын кабарлады. “Аль-Арабия” каналы билдиргендей, былтыр күзүндө ИМдин мурдагы башчысы Абу Бакр аль-Багдади  америкалык аскерлердин колунан өлгөндөн кийин ал  топту жетектеп калган.

“Ислам мамлекети” террордук тобу өз билдирүүлөрүндө уюмдун лидери Абу Ибрагим Аль-Хашими Аль-Кураши экенин айтып келет. Вашингтон бул ат менен уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири жана идеологу Амир Мохаммед Абдель Рахман аль-Мауль жашырынып жүрөт деп эсептейт. Ирак чалгынчылары кармалган жоочунун чыныгы аты Абдилнасер аль-Кирдаш экенин белгилейт.

Айрым маалыматтарга караганда, ал мурда “Аль-Каиданын” мүчөсү, 2011-2019-жылдары ИМ тобунун Сириядагы жетекчиси болгон.

Ал кай жерде, кандай кырдаалда кармалганы айтылган эмес.

Ирактын улуттук чалгын кызматынын башчысы Мустафа аль-Каземи апрелде өлкөнүн өкмөт башчылыгына дайындалган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз