Коом

Нур-Султанда көп балалуу энелер турак-жай программасындагы «чектөөнү» алууну талап кылышты image

22 Май, 2020 158

21-майда Нур-Султан шаарында көп балалуу жана жалгыз бой энелер «Бактылуу үй-бүлө» деп аталган турак-жай программасына катышуудагы «чектөөнү» алып салууну талап кылышты.

Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин алдына чогулган ондогон тургун бийликтин быйыл 420 гана турак-жай сертификатын берүү чечимине карата нааразылыктарын билдиришти.

«Быйыл арыз берүүчүлөрдүн саны азайтылыптыр. Эми турак-жай алуу үчүн 2010-жылга чейин кезекке тургандарга гана турак-жай сертификаты берилет экен. Шарттардын өзгөргөндүгү тууралуу бизге эч ким эскерткен эмес. Мен бир жылдан бери даярданып, бардык документтерди топтоп, декреттен жумушка чыккам. Эми аракетимдин баары текке кеткени жатат», — деди төрт баланын энеси Анар Ракымова.

Чогулгандардын алдына чыккан мекеме өкүлүнүн айтымында, 2020-жылы «Бактылуу үй-бүлө» программасына бюжеттен 49 миллиард теңге (118 миллион долларга жакын) бөлүнгөн. Анын ичинен Нур-Султан шаары үчүн каралган 4,1 миллиард теңгеге 414 батир сатып алуу пландалган.

«Батирлер кезек боюнча берилет. Былтыр гана кезекке тургандар көп жылдан бери күтүп жаткандардан биринчи алса туура болбой калат. Ошондуктан биз чектөө киргиздик. Азыр Нур-Султанда турак-жай алуу үчүн 17,5 миң үй-бүлө кезекте турат. Эгер бардыгына турак-жай сертификатын берсек, алар банктарга барышат. Банктарда болсо анча акча жок», — деди министрликтин өкүлү.

Казакстандын бийлиги элдин алсыз катмарын турак-жай менен камсыз кылууга багытталган «Бактылуу үй-бүлө» программасы боюнча арыздарды кабыл алуу башталганын быйыл марттын ортосунда жарыялаган. Буга чейин өлкөнүн көптөгөн аймактарында социалдык колдоону күчөтүү талабы менен көп балалуу энелер нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз