Кыргызстандагы коронавирус

Дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 5,5 миллионго жакындады image Фото: KTRK/videograp

26 Май, 2020 209

26-майга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 5,5 миллионго жакындады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, алардын ичинен 346 миң 232 адам вирустун курмандыгы болушкан. Ал эми бул илдетти жеңип чыккандардын саны 2 млн 231 миң 738 адам. 

АКШ бул илдетке чалдыккандардын саны боюнча эң алдыңкы орунда, анда статистиканын көрсөткүчү боюнча аталган өлкөдө 1 млн 662 миң 302 адамды түзүп, алардын ичинен 98 220 адам көз жумган. Илдетти жуктургандар боюнча алдыңкы он мамлекеттин арасында Бразилия турат, бул өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 375 миңден ашык адамды түзсө, Россияда 353 миңден ашык адамдан вирус аныкталган. Белгилей кетсек ушу тапта коронавирус дүйнөнүн 188 өлкөсүндө катталып, экономикалык кризиске кептеди.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз