Дүйнө жаңылыктары

Түркмөнстанда согуш ардагерлери мамлекеттик сыйлыктар үчүн акча төлөшкөн image

4 Июнь, 2020 530

Түркмөнстандын Лебап облусунда ардагерлер Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата алган белектери үчүн өз чөнтөктөрүнөн акча төлөшкөн.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик облустагы сыйлык ала турган адамдардан белекке жана медалдарга деп 1000 манаттан (28,5 доллар) чогулткан.

Дарганата районунун тылда эмгектенген 90 жаштагы Атанияз аттуу тургуну алган белектери үчүн райондук акимчиликке 1000 манат төлөгөнүн, сыйлык алуу үчүн зарыл болгон документтерди да өзү топтогонун билдирди.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов быйыл Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерди мааракелик медалдар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз