Кыргызстандагы коронавирус

Ооруну дарылоого караганда алдын алуу оңой - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 267

Дүйнөнү коронавирус пандемиясы кучагына алып, коркунуч улам күчөп турганда, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо зарыл экенин медиктер эскертишет. Ооруну жуктуруп алгандардын көбүндө жөтөл, табити тартпай, даам жана жыт сезүү жоголуп, температура көтөрүлөт. Бирок айрымдарда вирустун белгилери байкалбайт.

Бирок оору билинбей өтүп жаткандара вирусту таратат. Мындан улам илдетти жеңил көтөргөндөргө өзгөчө көнүл буруу зарыл-декйт дагырелер. Жеңил түрү менен ооругандар үй шартында дарыланып жана обочолонуу режимин сакташы керек.

Өпкөнү сезгенткен илдетке каршы бир гана антибиотиктер таасирин бербейт. Дарыларды медициналык кызматкерлердин көзөмөлү жана көрсөтмөсү менен гана пайдалануу зарыл.

Пандемия учурунда байланышты болушунча чектөө керек. Медиктер социалдык аралыкты сактоо, беткап тагуу, колду тынымсыз жууп туруу, зарылчылык болбосо үйдө олтурууга чакырышат



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз