Кыргызстандагы коронавирус

Бейтаптар үчүн кошумча орундар даярдалууда - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 194

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна байланыштуу дарыгерлерге болгон муктаждык пайда болду. Бирок мындайда жардам колун сунуп, дарыгерлерге кол кабыш кылууга даяр ыктыярчылар чыгууда. Кыргыз мамлекеттик медицианалык академиясынын мугалимдери, ординаторлору жана 4-курсунун студенттеринен түзүлгөн төрт бригада чогулду. Алар азиз жана начар көргөн балдар жатак-мектебиндеги жана жеке менчик мейманканалардагы орундарга жаткырылган бейтаптарды дарылап, күнү-түнү кызматта болушат.

Горький көчөсүндөгү алты кабаттуу бул жеке менчик мейманканада 12 адистен турган топ эки жума аралыгында бейтаптарды дарылашат. Анда эки дарыгер, эки ординатор жана медайымдар кызматта болушат.

Ал эми калган дарыгерлер-бригадасы бир нече убакытка чейин Бишкек шаарындагы азиз жана начар көргөн балдар жатак-мектебине жаткырылган бейтаптарды карайт. Бейтаптар үчүн койкаларды жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык станциянын адистери тарабынан текшерилип, бекитилген.

Ыктыярчылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Күнүгө ысык тамак уюштурулуп, адистер үчүн уктоочу бөлмөлөр да бөлүнүп берилди.

Учурда Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан №1 балдар мектеп-интернатында да 100 орундуу койка ачылууда. Ошондой эле, кырдаалга байланыштуу өз ыктыяры менен бейтаптарга жардам берүүнү каалаган жөнөкөй жарандардын саны өсүп жатат.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз