Кыргызстандагы коронавирус

Медицинага бөлүнгөн каражаттардын эсеби - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 262

Вице-премьер-министр белгилегендей, өлкөдөгү оорукана жана лабораториялардын ишмердиги өкмөттүн көзөмөлүндө. Зарыл болгон бардык жабдуулар сатылып алынып, дарыгерлер жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздалууда. Аида Исмаилова бул багытка дүйнөлүк каржы институттарынан бөлүнгөн каражаттардын басымдуу бөлүгү сарпталганын белгиледи.

Коронавируска каршы күрөштө өлкөнүн демилгелүү жарандары да четте калган жок. Атайын ачылган эсепке март айынан бери 140 млн сомго жакын каражат чогулган. Акчанын дээрлик 90 пайызы медицина кызматкерлеринин айлык маянасына жана кошумча акыларды төлөөгө жумшалган. Илдет менен менен күрөшүүгө тартылган дарыгерлерге кенемте төлөө үчүн март айынан бери жалпы 378 млн сомго жакын акча бөлүндү.

 Өз сөзүндө вице-премьер-министр, медицина кызматкерлерин акы төлөнбөгөн өргүүгө кетирүү учурлары болуп жатканын белгилеп, мындай аракеттер туура эмес деди. Себеби, өкмөт дарыгерлердин кепилденген айлык акысын толук түрдө төлөп жатат. Эгер саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери тарабынан төлөмдү азайтып төлөө же маселени көзөмөлгө албаган учурлар болсо тиешелүү чаралар көрүлмөкчү. Ошондой эле, дарыканаларда дары-дармектин баасы жогорулап кеткен учурлар боюнча суроо берилди.

Азыр жугуштуу илдет күчөп жаткан учурда дарыгерлерди ар тараптан колдоо, анын ичинен айлык маяна, иштөө карттарын тиешелүү деңгээлде уюштуруу өкмөттүн негизги милдети-деди Исамаилова.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз