Кыргызстандагы коронавирус

Алтын колдуу дарыгерлер - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 237

Дүйнөнү түйшөлткөн илдетке каршы турууда дарыгерлердин эмгеги чоң. Алар өз өмүрүн өзгөнүн өмүрү үчүн тобокелге салууда. Гиппократтын антын берген ак халатчандар өз ишин чыныгы абийир жана жогорку жоопкерчилик менен аткарып жатышат. Үй-бүлөсүн, жакындарын көрбөй төрт айдан бери ооруканада түнөп жаткан улукман дарыгерлер да бар.

Ылдамдык менен тарап жаткан инфекцияга каршы турууда күжүрмөн эмгек жумшаган дарыгерлерге колдоо көрсөтүү максатында өткөн аптада өлкө башчысы Медицина кызматкерлеринин макамы жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштеген медиктерге кошумча айлык акылар, кенемтелер төлөнүүдө.

Бүгүнкүдөй шартта негизги камкордук тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерге бурулушу керектигин өлкө башчысы да Коопсуздук кеңешинин жыйындарында бир нече жолу айткан. Дарыгерлерди колдоо үчүн бөлүнүүчү каражат Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кечиктирилбей бөлүнүп турмакчы. Аны менен бирге оорунун очогунда иштеген ак халатчандарды өздүк коргонуучу каражаттар менен камсыздоо негизги милдет. Ушул тапта ооруканаларда үйүнө барбай иштеп жаткан дарыгерлер жатакана жана тамак аш менен камсыз болууда.

Бүгүн дарыгерлер моралдык да материалдык да колдоого татыктуу. Жарандарды оорудан куткарган ак халатчандардын саламаттыгына да көңүл буруу күн тартибинде турат. Бирок, аларга болгон эң чоң жардам алар айткан эрежени сактап, баш ийүү экенин эстен чыгарбайлы.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз