Кыргызстандагы коронавирус

Жугуштуу илдетке 506 адам чалдыкты - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 304

Өткөн сутка ичинде коронавирус илдетинен 10 адам каза болду. Муну менен Ковид-19 диагнозу менен көз жумгандардын жалпы саны 76 га жетти. Өпкөнү сезгенткен оорудан улам кайтыш болгондордун арасында бир медицина кызматкери дагы бар.

Министрликтен билдиришкендей, бир сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 955 изилдөө жүргүзүлүп, илдет жуктурган 506 учур катталды. Алардын ичинен 73ү медицина кызматкерлери. Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган дарыгерлердин саны миңге жакындады. Вирус жуктургандар өлкөнүн дээрлик бардык облустарында бар.

Жугуштуу ооруга чалдыккандардын көбүндө оорунун белгилери байкалбай өтүп жаткандыктан үйлөрүндө дарыланууда. Ал эми сакайып ооруканадан чыккандардын саны бир сутка ичинде 125 адамды түздү.

Айнура Акматова бүгүнкү кырдаал бир гана эл үчүн эмес, медицина кызматкерлерине да өтө оор болуп жатканын белгиледи. Айтымында, дарыгерлер күн-түн дебей, тынымсыз иштеп бейтаптарды куткарууга болгон аракетин жумшап жатышат.

Дарыгерлер оор кырдаалга кайыл болуп, ишин улантып жатышат. Бирок, ошого карабастан жалпы медицина кызматкерлерине, анын ичинен оору жуктуруп алган дарыгерлерге жетиштүү деңгээлде көңүл бурууга аракет жасалууда-деди Айнура Акматова.

Дарыгерлердин жардамы менен айыккандардын саны да арбып жатат. 3-июлга карата республикада 2655 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды, анын ичинен 484ү медицина кызматкерлери.



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз