Кыргызстандагы коронавирус

Дарыгерлерге таазим - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 397

Гүлнара Чабаева Манас районундагы санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда 22 жылдан бери иштейт. Пандемия башталгандан бери кесибиндеги эң оор күндөр өтүп жатат. Дарыгер кыргыз-казак чек арасындагы карантиндик пунктта турган медкызматкерлердин ишин күн-түн көзөмөлдөө милдетин аткарууда.

Каарманыбыз эки кызды тарбиялап эрезеге жеткирди. Үй бүлөсү, маркум жолдошу, кыздары дарыгердин түйшүктүү ишине колдоо кылып турушту. Калктын саламаттыгы ар дайы дарыгердин көңүлүндө дейт- каарманыбыз.

Пандемия маалында алдыңкы сапта иштеп жатышкан кайраткер медкызматкерлердин дагы бири Бакай-Ата райондук оорукананын инфекционист дарыгери Айна Аккөзова. Айна айым район боюнча жападан жалгыз инфекционист-дарыгер.

Айрыкча учурдагы кырдаалда ишке дыкаттык эле эмес уюшкандык талап кылынат.

Каарманыбыз обсервациядан жакында эле чыгып, кайра эле иш орунда. Учурда дарыгер изоляциядагы бейтаптарды аралыктан дарылоого көрсөтмө кеңешин берип жатат. Райондогу жугуштуу оорулар бөлүмү экиге бөлүнүп иш алып барууда. Биринде пневмония бөлүгүндө кезек менен 12 медайым кызматта.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз