Кыргызстандагы коронавирус

Эмгеги эбегейсиз ак халатчандар - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 362

Сапарбек Исаев жетектеген Түп районундагы мобилдик топ COVID-19 илдетине карата кезектеги жолу чакырууга чыгып, анализ алып текшерүү үчүн келишти. Мындай жумуш акыркы үч айдан бери тынымсыз жүргүзүлүп, миңден ашык адамдан анализ алынды. Жумуштун оордугуна карабай дарыгерлер ар дайым кызматта.

Салматтык сактоо тармагына отуз жети жылын арнаган Сапарбек мырза Жети-Өгүздө кийин Түп районуна которулуп келип, ушул күнгө чейин жандандыруу бөлүмүндө эмгектенип келүүдө. Дарыгердин айтымында мындай оор кырдаалды ооздуктоого мүмкүнчүлүк бар, болгону ар бир адам дарыгер адистердин айтканын так аткарышы керек.

Бул тармакта кырк жылдан бери иштеп келе жаткан Доктуркан Майтыкова да жугуштуу илдетке каршы күрөшүүдө талыкпай иштеп жаткандардын катарында. Ооруканада иштеген дарыгерлерге коронавирус илдети жугуп, көбү обсервацияда болуп жаткандыктан учурда бейтапканага кайрылганда көп болууда. Мындан улам дарыгер такай даярдыкта.

Ак халатчан адамдар алды менен - бул үмүттүн жана камкордуктун белгиси. Жалпы эле медицина кызматкерлеринин иши менен азыр бүтүндөй эл журт сыймыктанып жаткан учур. Алардын арасында белгисиз баатырлар бар - алар чын дили менен адам өмүрүн сактап калууга болгон күч аракетин жумшап жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз