Интернет жана технологиялар

Кыргызстанда 5G технологиясы орнотулган эмес image Фото: www

8 Июль, 2020 286

Өлкөнүн аймагында 5G технологиясы орнотулган эмес жана анын жабдыктары ден соолук үчүн зыян экенин тастыктаган маалымат жок. Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети бүгүнкү күндө өлкө аймагында 5G технологиялары жок, байланыш операторлору Байланыш агенттигинин уруксаты жок мындай жабдыктарды орното албайт-деп билдирүү таратты. 

Комитеттин адистери 5G технологияларынын жабдыктарын иштеткенде адамдын саламаттыгына коркунуч жарала турганы жөнүндө лабораториялык тастыктамалар жок экенин жана социалдык тармактардагы коркуткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Радиотолкундар вирустун таратуучусу боло албайт. 

Адамдар жаңы технологиялар тууралуу жетиштүү маалыматы жоктугунан улам жалган сөздөргө ишенип, дүрбөлөңгө түшүшү мүмкүн-дейт мекеменин өкүлдөрү. Соңку күндөрү социалдык түйүндөрдө “5G антенналары вирус жайылтат экен” деген сөз тарап, айрымдар өкмөт бул маселени иликтөөгө алууга тийиш экенин билдирген демилге көтөрүшкөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз