Коронавирус

Бишкектеги "Семетей" госпиталынан бир суткада 27 бейтап айыгып чыкты image

24 Июль, 2020 2214

“Семетей” госпиталындагы жандандыруу бөлүмүнөн 6 бейтап абалы турукташып, корпустардагы орундуктарга которулду.

Бул тууралуу “Семетей” госпиталынын (мурдагы “Ганси” авиабазасы) башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков билдирди.

“23-июль күнү жандандыруу бөлүмүнөн алты бейтаптын абалы турукташып, госпиталдагы корпустарга которулду. Ал эми кечээ жалпысынан “Семетей” госпиталынан 27 бейтап айыгып чыкты”, - деди ал.

Кошумчалай кетсек, 23-июлга карата “Семетей” госпиталында бейтаптарды дарылоо үчүн 600 орундук бар болсо, анын ичинен 115де бейтаптар дарыланып жатат, калган 485 орундук бош. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө 50 орундук бар болсо, учурда 27 оор абалдагы бейтап бар, калган 23 орундук бош.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз