Спорт

Эл аралык онлайн турнирде Кыргызстандыктар бир катар байгелерге ээ болду image Фото: KTRK/videograp

23 Авг, 2020 1315

Кыргызстандык жаш гимнасттар эл аралык онлайн турнирде бир катар байгелерге ээ болду. Тренер Аделина Шаяхметова жана хореограф Александр Брюханов жетектеген жаш гимнасттар көркөм гимнастика боюнча "Zhong Ling Cup - 2020" эл аралык турнирине катышты. Ритмикалык гимнастика федерациясынын маалыматы боюнча, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен мелдештер бул жылы онлайн режиминде өттү. Сынакка Кытай, Россия, Корея, Малайзия, Кыргызстан жана Азиянын башка мамлекеттеринин спортчулары катышты. Кыргызстандык чеберлер турнирде эч кандай шаймансыз, дөңгөлөктөр менен топсуз жана аппараттарсыз машыгуу өнөрлөрүн тартуулашты. Жыйынтыгында айрымдары биринчи орунду багындырса, кээ бирине бир катар байгелүү сыйлыктар ыйгарылды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз