Билим

Кыргыз тилин окутуу маселеси колго алына баштады image

15 Июнь, 2016 2220

Бишкек шаарында кыргыз тилин окутуу маселеси колго алына баштады. 14-июнда Бишкек шаардык мэриясынын мамлекеттик тил бөлүмү  үч райондун мектеп директорлорун  чогултту.  

Май айында Бишкек шаарындагы орус мектептин окуучуларынын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча “Кыргызтест” түзүмүнүн  баамдоо тестинин жыйынтыгы көрсөткөндөй, окуучулардын  тил билүү деңгээли төмөндүгүн көрсөттү. Бул маселе бардык мектеп директорлоруна өзгөчө милдет тагат. Ошондуктан, Бишкектин төрт районундагы мектеп директорлору үчүн семинар уюштурдук дейт, Бишкек шаардык мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова.

Мектеп директорлору жыйынтыгында шаардагы кыргыз тилчи мугалимдер үчүн бул багытта атайын семинарларды уюштуруу, билим сапаты боюнча  ишти колго алуу боюнча    ой-пикирлерин айтышты. Бул семниарга  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Сауле Мээрманова   катышып, бир катар суроолорго жооп берди.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио” 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз