Дүйнө

БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинде Беларустагы абал талкууланат image

15 Сент, 2020 282

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча кеңеши 18-сентябрда Беларустагы адам укуктарынын сакталышына байланышкан маселени талкуулоого макул болду.

Кезексиз талкуу уюштурууну Европа биримдиги сунуштаган. Бул сунушту шаркетке мүчө 47 өлкөнүн 25и колдоп, экөө каршы болгон.

БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет Беларустагы репрессиялар, ашыкча күч колдонуу, кыйноого алуу жана акция катышуучуларынын уурдалышы тууралуу бардык билдирүүлөр жакшылап иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин билдирди. Ал ошондой эле Беларуста коомдук макулдашууга жетишүү үчүн диалог жана реформалар зарыл экенин белгиледи.

Беларуста жаңы шайлоо өткөрүлүп, азыркы президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары бир айдан ашык убактан бери токтой элек. Күч органдары тынч жыйынга чыккандарга ашкере күч колдонуп, зордук-зомбулукка барганы сынга кабылган.

Жекшемби күнү Минск шаарында «Баатырлар жүрүшү» деп аталган акция өтүп, ага 100 миңден 150 миңге чейин адам катышты. Бийликтин расмий маалыматына ылайык, акция маалында 500дөн ашык киши кармалды.

Дүйшөмбү күнү Сочиде Орусиянын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолукту. Анын жүрүшүндө Путин Минскиге 1,5 миллиард доллар насыя бөлүүнү убадалады.

Беларуста болуп жаткан окуяларга токтолгон Путин Орусия Беларусту өнөктөш катары эсептей турганын, өлкө жарандары бул жагдайды сырттан басым-кысымы жок, тынч, диалог аркылуу өздөрү жөнгө салып алышына тилектеш экенин билдирди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз