Билим

Укук коргоо органы жогорку билимдүү кадрларга муктаж болууда image

6 Июль, 2016 1474

Кыргызстанда “Укук академиясын” уюштуруу  демилгеленүүдө.  Бул иш-аракеттер  күч түзүмдөрүн реформалоонун алкагында  жүргүзүлөт.  Академия  укук  коргоо  органдары үчүн жогорку билимдүү кадрларды  даярдоону максат кылууда. Күч органдарында башталган мындай саамалыктар  коомчулукта  бааланып,  аны ишке ашыруу зарылдыгы айтыла баштады. 

Укук  коргоо органдарынын  жогорку  билимдүү кадрларга муктаж  экендиги ачык көрүнүп калды.  Мындан  улам ички иштер министрлигинин  алдындагы  Академияны  анын  түзүмүнөн  чыгарып,  өз алдынча  Укук академиясын  уюштуруу жагы каралып жатат. Бул тууралуу  Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров  “Биринчи радиого” билдирди. Анын айтуусунда,  борбордо бардык укук коргоо органдарына  адистер  даярдалып,  ал  жогорку билимдин негизинде жүргүзүлөт.

Эске салсак , Коргоо Кеңешинин жыйынында  укук коргоо органдарын реформалоо  маселеси каралды. Анын алкагында,  укук коргоо органдарынын бардык окутуу борборлорунун биригүүсүнүн негизинде  Укук академиясын түзүү  боюнча чечим кабыл алынды.

Г. Усенова, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз