Билим

КУУнун окутуучуларынын айыптоолору негизсиз image

6 Июль, 2016 1425

Өткөн аптада нааразычылык акциясына чыккан Ж. Баласагын атындагы КУУнун окутуучуларынын айыптоолору негизсиз. Бул тууралуу бүгүн аталган университеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү маалымат жыйында билдирди.

Эске салсак, 29-июнда 20дан ашуун адам, буга чейин окуу жайда болуп өткөн окутуучуларды тандоо сынагынын жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип чыккан. Алар комиссия курамын, акча жана тааныш-билиштик менен айрым татыксыз кандидаттарды тандап алышты деп айыптайт. Ал эми Окумуштуулар кеңеши нааразы тараптын айыптоолорун төгүндөөдө.

Көз карандысыз уюмдардын жүргүзгөн иликтөөлөрүндө Кыргызстандагы алдыңкы делген университеттердин катарында чет мамлекеттерден каржыланган Борбор Азиядагы Америка университети, Кыргыз-түрк “Манас” жана Кыргыз-орус славян университети кирет. Буга окуу жайлардагы жакшы материалдык база. Жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы, заманбап техникалык жабдыктар жана интернет менен камсыздалуусу. Андан эң башкысы окутуучуларга төлөнүүчү айлык маяна себеп. Ал эми Кыргызстандагы университеттердин “флагманы” болгон окуу жайда толук реформа зарыл экендигин талдоочулар белгилейт.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз