Дүйнө

Дүйнө пандемиянын үчүнчү толкунунда image

17 Июль, 2021 1171

Дүйнө COVID-19 пандемиясынын үчүнчү толкунунда турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус билдирди. "Дүйнөдө COVID-19га чалдыккандардын саны төрт жума катары менен өсүп жатат. Биз дүйнөнүн бардык аймактарында ооруканалар толуп жатканы тууралуу кабарларды угуудабыз. Коронавирустун "дельта" вариантынан улам ооругандардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө", - деди Гебрейсус. Акыркы учурда эң жугуштуу саналган коронавирустун “дельта” варианты 111 өлкөдө аныкталды. Жакынкы мезгилде вирустун бул түрү дүйнөдө басымдуулук кылышы мүмкүн экени айтылууда. Акыркы күндөрдөгү коронавирустун жайылышынан Аргентинада курмандыктардын саны 100 миңден ашса, Россияда каза болгондордун бир күндүк көрсөткүчү рекорддук чекке жетти. Ал эми Британияда алты айдан бери алгачкы жолу бир суткада вирус жугузгандардын саны 40 миңден ашты. Индонезияда вирустан каза болгондордун сөөгүн жашыруу үчүн адамдар мүрзөлөрдү казууга катышып жатса, Бирмада крематорийлер күнү-түнү иштеп жатат.

Австралиянын Сидней шаары июлдун соңуна чейин карантинге жабылды. Ал эми Испанияда түнкү коменданттык саат жарыяланды.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз