Коронавирус

Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды image

21 Июль, 2021 354

Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 102 адамдан аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 827, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 24, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 55, Жалал-Абад облусунда – 20, Баткен облусунда – 80 адамдан илдет табылган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда бир бейтап каза болгон. 

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 509 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 856 адам дарыланууда. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 152 миң 709 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 128 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 205 адам каза болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз