Коронавирус

COVID-19: 24-июлга карата 1 147 адамдан аныкталып, 1 306 адам илдеттен сакайды image

24 Июль, 2021 802

Кыргызстанда 24-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 147 адамдан аныкталды.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаарында – 661, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 153, Ош облусунда – 59, Талас облусунда – 20, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 95, Баткен облусунда – 73 адамдан илдет табылган. Ал эми бир суткада 1 миң 306 адам илдеттен сакайды. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2 бейтап каза болгон. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 143 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 60 адам дарыланууда.
 Бир сутка ичинде өлкө боюнча 31 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 156 миң 152 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 133 миң 444 киши айыгып чыкса, 2 миң 238 адам каза болду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз