Коронавирус

Кыргызстанда соңку бир суткада 20 миң 631 адам эмделди image

24 Июль, 2021 885

Кыргызстанда сутка ичинде коронавируска каршы вакцинаны 20 миң 631 адам алды. 

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18 миң 436сы биринчи дозаны, 2 миң 195и экинчи дозаны алган. Жалпы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1-доза – 336 миң 732, 2-дозаны – 106 миң 238 киши алды.
 Эскерте кетсек, Президент Садыр Жапаров, 23-июлда жакын арада “Синофарм” вакцинасынан 1 млн 250 миң доза кошумча партия сатылып алынарын белгиледи.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз