Билим

15-сентябрдан тартып окуу процесси салттуу режимде өтөт image Фото: www

26 Авг, 2021 2433

15-сентябрдан тартып Кыргызстандын билим берүү мекемелериндеги окуу процесси оффлайн-режиминде өтөт. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев белгилегендей, өлкөнүн билим берүү уюмдары 2021-2022-жаңы окуу жылына салттуу режимине даяр жана окуу процесси санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтөт.

Белгилей кетсек, оффлайн-режиминде окутууну баштоонун маанилүү шарттарынын бири –билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин 70 %ын эмдөө. Бүгүнкү күнгө карата 55,8 %ы COVID-19га каршы эмделген, бул 61 миң 457 адам.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов коллективдүү иммунитетин түзүү үчүн эмдөөнүн жүрүшүн күчөтүүнү жана пайызды 70 %га жеткирүүнү, ошондой эле окуучулардын жана билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин арасында коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну жана бекитүүнү тапшырды.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө мектептерде жана бала бакчаларда оңдоо-курулуш иштеринин жүрүшү, алардын жылытуу мезгилине даярдыгы талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышовдун айтымында, COVID-19 пандемиясына карабай, быйыл 59 мектеп жана 12 бала бакчанын курулушу аяктады.

Министрлер Кабинетинин башчысы суук аба ырайынын башталышы менен бардык социалдык объектилер жылуулук менен камсыздалышы керектигин белгилеп, билим берүү уюмдарынын жылытуу системаларын оңдоону өз убагында бүткөрүүнү, ошондой эле аларды күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз