Кыргызстан жаңылыктары

Майрамкан Абылкасымова дүйнө салды image

16 Окт, 2021 477

16-октябрда 84 жаш курагында Кыргыз эл акыны, Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгы жана Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Майрамкан Абылкасымова каза болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда Кемин районундагы Алмалуу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1958-жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун филология факультетин бүтүргөн.

М.Абылкасымова кыргыз поэзиясына кошкон чоң салымы үчүн 1986-жылы "Ардак Белгиси" ордени менен, 2005-жылы III даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган. 1980-жылы Кыргыз Эл акыны наамын, 1970-жылы Ленин комсомолу сыйлыгын алып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. 

1962-жылга чейин Ош шаарындагы облустук "Ленин жолу" гезитинде жана Ош педагогика институтунда иштеген. 1961-жылдан 1991-жылга чейин "Ала-Тоо" журналында адабий кызматкер, "Поэзия" бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 

Ошондой эле "Аялзат" гезитинде башкы редактор, 1995-жылдан баштап "Курманжан датка" фондунун төрагасынын кеңешчиси катары иштеген. Акындын алгачкы ырлары 1952-жылдан тартып жарык көрө баштаган. 

1961-жылы "Кичинекей досторго" аттуу туңгуч ырлар жыйнагы чыккан. "Чолпон", "Эстелик сүйлөйт", "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" аттуу жыйнактарына салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары кирген. 

Анын ырлары орус, украин, казак, монгол, немец, поляк, француз тилдерине которулган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз