Кыргызстан жаңылыктары

Россиядан кароосуз калган жашы жете элек 7 бала Кыргызстанга кайтарылды image

18 Окт, 2021 753

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ата-энесинин кароосуз калган жашы жете элек 7 бала Россиядан Кыргызстанга кайтарылды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.

Белгиленгендей, министрлик кайтып келген балдарды, райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктары менен бирдикте, биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланы үй-бүлөсү менен бириктирүү мүмкүн болбосо, асырап алуу үчүн өткөрүп берүү маселеси каралат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз