Коронавирус

Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 565 адам эмделди image

22 Окт, 2021 1533

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 565 адам эмделди. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 67 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 498 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 932 миң 874 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 708 миң 630 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз