Коронавирус

Кыргызстанга Pfizer BioNTech вакцинасы келет image

23 Окт, 2021 3166

Кыргызстанга кийинки жумада, Американын Pfizer BioNTech вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Препараттар эл аралык KOVAX программасы аркылуу келмекчи. Жума күнү министр Алымкадыр Бейшеналиев Республикалык иммунопрофилактикалык борборго барып, вакцинаны сактоо жана колдонуу шарттары менен таанышкан. 

Ошондой эле борбордун кызматкерлеринин Pfizer BioNTech вакцинасын алууга жана ташууга даярдыгын көргөн. 

Мындан сырткары, KOVAX эл аралык механизми аркылуу алынган төмөнкү температурадагы төрт муздаткычтын техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берилген. 

Министр ошондой эле мезгилдүү вирустук оорулар менен коронавирустун көбөйүшүнө даярдык көрүү үчүн мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчилерине ПЧР-лабораториялардын иштөө шарттарына көңүл бурууну тапшырган. Маалыматта тест тапшыруу үчүн кезекти азайтууга аракеттер көрүлүп жатканы айтылган.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз