Шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча миссиянын башчысы КТРКга келди   16 Сент, 2020 357

15-сентябрда КТРКга Кыргыз Республикасындагы шайлоону байкоо жүргүзүү боюнча чектелген миссиянын башчысы Томас Бозеруп мырза жана медиа адис Клаудия Аракела келди.

КТРКнын Башкы директору өкүлдөр менен болгон маегинде, КТРКда шайлоо алдындагы дебаттарды даярдоонун жана өткөрүүнүн жол-жоболору жана процесси жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, коноктор дебаттар болуп жаткан студияларда болушту.