Кыргызстандагы атаандаштык шартында өткөн шайлоо бийликти тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү. Мындай негизде өлкө башкаларга үлгү болуп бере алат. Шайлоо жүрүшүнө Эл аралык байкоочулар дагы жогору баа берүүдө.
Айрым талапкерлердин акча таратуусуна күч түзүмдөрү жол берген жок. Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 16-октябрда Эл аралык байкоочулар миссияларынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда билдирди.