Logo Түз эфир

Маданият жаңылыктары

9 , Сент, 11:21 201

Министр Жаманкулов ооруканада дарыланып жаткан белгилүү актёр Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды

image

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов ооруканада дарыланып жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр жана театр режиссёру Акылбек Абдыкалыковдон кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлады.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жолугушуу учурунда министр Жогорку Кеңештин төрагасынын резервдик фондунан бөлүнгөн материалдык жардамды тапшырган.

Эл артисти Акылбек Абдыкалыков учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармасынын клиникалык ооруканасында дарыланып жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин актер жүрөгүнөн үч жолу операция болгон.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп окулууда